Окуялар

Бишкек-Ош трассасына коюла турган бетон тосмолор Атамбаевдин үйүнөн табылды – (ФОТО)

Кечээ, казак журналисти Атамбаевдин үй-бүлөөсүнөн маек алып, анда Раиса Атамбаева, Кадыр Атамбаев жана Алия жашоолору тууралуу айтып берген. Алардын жашоосунан кабары жок адам көрө турган болсо, мурдагы президенттин үй-бүлөөсү итке минген кедей болуп калыптыр деп ойлошу дагы мүмкүн. Ыйламсырап сүйлөшсө, жанына киши тура албайт, жаны ачып. Таксиге акча жок, маршруткага түшүп калганын айтышты. Маек учурунда Раиса Атамбаева тоо этегинде көркөм жерде салынган ак сарайынын короосунда ары бери баскан экен, бечара болуп. Бирок, ошого жараша интерьер тандашса болмок. Болбосо, Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын сыяктуу чоң трассаларга коюлчу бетон тосмолорду үйүнүн короосуна коюп алганы көрүнүп калыптыр.

Миллиардер Атамбаев ушундан да напсисин тыя албай, элдик мүлккө да кол салган экен. Албетте, буларга бир тыйын да төлөгөн эмес да, кошоматчылары алып келип беришкен чыгар. Ач көз, дүнүйөкорлугуна чек жок экен го. Тарых музейиндеги балбал ташты дагы, музейдин алдындагы кызыл гранит таштарды дагы үйүнө ташып кетпеди беле?

Булак: коом.пресс

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button