ВИДЕО: Мыйзамсыз мунай кирип жатат деп кооптонууга негиз жок

Жогорку Кеңештин депутаты Нурдинов Бейшеналы Баткендин Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан Өзбекстандын газ сактоочу жайынан нефти чыгып, үч труба менен Өзбекстан, Тажикстан тарапка газ кетип жатат деген маселе көтөрүп чыккан. Бул маалымат массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка тарап, эл ага карата бир катар сын-пикирлерди айтууга да үлгүрүп калды.
Бирок Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ак-Турпактан газ чыгып, коңшу мамлекеттерге кетип жатат деген маалымат чындыкка төп келбээрин айтты. Ал тургай газдын бар жогун билүү максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Ош газ ишканасынын Баткендеги филиалынын өкүлдөрү кампага кирип, көрүп чыгышты. Адистер ал жакта эч кандай газ жок экендигин айтышты.
— Эгерде газ болсо биринчиден, бул жакта жыт чыгып, трубалар тердеп турмак. Экинчиден, мобул жактагы приборлордун баары иштеп турушу керек болчу. Азыр ал приборлордо көрсөткүч нолду көрсөтүп турат. Эгерде бар болсо жок дегенде жыйырманы көрсөтүшү керек эле. Демек, бул жакта эч кандай газ жок, — дейт Ош газ ишканасынын Баткендеги филиалынын өкүлү.
Өзбекстан менен Тажикстанга мунай мыйзамсыз кирип жатат деген маселе 2020-жылдын аягы, 2021-жылдын башында козголуп, УКМК менен Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлү өз түшүндүрмөсүн берген. Өзбекстандын бул газ сактоочу Фергана нефти ишканасы 1950-жылдан 2011-жылдын 21-майына чейин иштетип келген. СССРдин убагында 108 скважина иштеп, СССР таркагандан кийин жараксыз болгон скважиналарды Өзбек тарап бузуп алып кетип, 2011-жылы 18 скважина калган. Анын тогузу бузук абалында, тогузу оң абалда. Бирок бул ишкана 2011-жылдын 21-майынын бери токтоп турат.
Мурун бул жакта 108 газ сактоочу жайы иштеп турган. Бирок обьектилер өткөрүлүп бериле электигине байланыштуу Өзбек тарап кайтарат. Азыр бир дагы скважина иштебейт. Бул маселени чечүү боюнча Кыргызстан чек араларды делимитациялоо боюнча Өзбекстан менен өкмөттөр аралык комиссияга талаптарды коюп келет. Аталган аймак Тажикстан менен чектешпестен ал жакка мунайдын кирүүсү мүмкүн эмес.
— Атайын комиссия менен Жогорку Кеңештин депутаттары кайра-кайра келип, ушул жакты Кыргызстанга өткөрүп алуу маселесин көтөрүп эле келишет. Бир канча жолу инвентаризацияга даярдалып, бирок өкмөт алмашып кетип, ишке ашпай келет. 2011-жылы бул жерди өткөрүп алуу боюнча премьер-министрдин буйругу чыгып, бирок ишке ашкан жок, — дейт Алчыбай Төралиев Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы.
Жергиликтүү эл бул ишкана боюнча коомчулукта таркап жаткан маалымат чындыкка төп келбесин айтып, элди мындай маалыматка ишенбөөгө чакырышат.
— Мен ушул жердин тургунумун. Ушул маселени көтөргөн депутат өзү келип өз көзү менен көрүп кетсин. Керек болсо атайын адистерди алып келип, трубаны кесип да көрсүн. Бар болсо далилдеп берсин. Бирөөнүн сөзүн катын ушак кылып, элди козута бербесин. Бир блогер чыкты, эле ошонун сөзүнө ишенип жатышат. Чоңдорго ушакка ишенген жарашпайт. Алар баарын тең карашы керек. Ошончолук кызыкса, элге кызмат кылам деген болсо келсин, өз көзү менен көрсүн, анан жыйынтык чыгарсын. Качанкыга чейин бизди дүрбөлөңгө салышат, — дейт жергиликтүү тургун Мурат Эрдоолатов.



