Саясат
Жапаров менен Мирзиёев Өзбекстандын резиденциясына бак тикти (ФОТО)

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги «Куксарой» резиденциясына бак тигишти. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Карагай Ардактуу коноктордун аллеясына отургузулган.
«Азем өзбек-кыргыз мамилелеринин жаңы доорунун башталышынын жана достугунун символу», — деп айтылат маалыматта.
Жапаров Өзбекстанда мамлекеттик сапары менен жүрөт.
Ардактуу коноктордун аллеясында Өзбекстан менен өнөктөш өлкөлөрдүн башчылары отургузган бак-дарактар өсүп турат. 2019-жылы бул жерге Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери жана Казакстандын биринчи лидери Нурсултан Назарбаев бак тиккен.





