Саясат

Референдум 11-апрелде өтмөй болду. Жапаров мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров «КРдин Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо (бүткүл элдик добуш берүүнү) жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзам 11-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button