Коом
Өзбекстан белек кылган 20 тез жардам унаасы Кыргызстанга алып келинди (ФОТО)
Өзбекстан белек кылган Тез жардам унаалары Кыргызстанга алып келинди.
Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында коңшу мамлекет КРге 20 тез жардам автоунаасын белек кылган.
«Бүгүн, 13-мартта, «Достук» өткөрмө пунктунан Өзбекстан белек кылган тез жардам унаалары алынып өттү. Автоунааларды тосуп алуу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлдөрү жана дарыгерлер катышкан», — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик сапардын алкагында Өзбекстан Кыргызстандын Коргоо министрлигине бир тик учак белекке берери да айтылган.






