Саясат

Жапаров менен Путин видео көпүрө аркылуу Жерүй кенин ачышат

17-март күнү президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен видео көпүрөдө кезигишет. Кабарды КР өлкө башчысынын маалымат катчысы Галина Байтерек тастыктады.

Эки өлкөнүн лидерлери ал күнү Талас облусундагы «Жерүй» алтын иштетүү фабрикасын ачышат. Жапаров аталган аймакка иш сапары менен барса, Россия президенти видео аркылуу байланышка чыгат.

Видео байланыш тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилери кошумчаланды.

Эске салсак, 2020-жылдын 6-октябрында Жерүй алтын кениндеги «Альянс Алтын» компаниясы белгисиз адамдар кирип барганына байланыштуу ишин токтоткон. Быйылкы жылдын башында ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков «Алтын Альянс» компаниясынын жетекчиси менен жолугушуп, инвестор, өкмөт жана жергиликтүү тургундардын ортосундагы талаш маселелер жөнгө салынганын билдирген.

Жерүй — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button