Коом

Бишкектин көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоо иштери жүрүүдө

Бүгүн, Бишкек шаарында мэриянын жол эксплуатациялоо башкармалыгынын 22 кызматкери 30 бирдик атайын техниканы тартуу менен иштешүүдө: МАЗдын базасында 22 кар тазалоочу машина, 4 универсалдуу УКМ унаасы, 4 “Беларусь” кичи трактору, 2 фронталдык жүктөгүч жана 1 жүк ташуучу ЗИЛ- 130. Бул тууралуу Бишкек мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең менен 490 тонна техникалык туз сарпталды.

Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 648ге жакын көчө шыпыргыч, 118 жүктөгүч жана катуу таштандыларды чыгаруу боюнча 100 адамдан турган топ туруктуу иштешүүдө.

Таза шаар үчүн “күрөш” тынымсыз улантылат.

Калган аймакта карды, музду тазалоо, унаа жолдоруна жана тротуарларга туз чачуу үчүн, шаар мэриясынын WhatsApp номерине: 0554 182 185 сурам жөнөтүңүздөр же 1840 жана 1850 номерлерине күнү-түнү чалсаңыздар болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button