Коом

Коронавирус. 55 адам жуктуруп, бир бейтап каза тапты

Соңку бир суткада коронавирус жуктургандардын ичинен 18 адам өтө оор абалда жатат, андан сырткары 55 адам аталган илдетти жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Соңку суткада аталган илдеттен Чүй облусунда бир киши каза болуп, жалпы көз жумгандардын саны 1 485ке жетти.

«Стационарда дарыланууда 333 бейтап бар, алардын ичинен 77 киши оор, ал эми 18 адам өтө оор абалда жатат» — деп айтылат маалыматта.

Амбулатордук дарыланууда 307 киши бар экендиги маалым болду.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 30
  • Ош — 2
  • Чүй облусу — 13
  • Ош облусу — 1
  • Нарын облусу — 4
  • Ысык-Көл облусу — 5

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button