Саясат
Депутаттар Аксы курмандыктарын эскеришти

Бүгүн, 17-мартта төрага Талант Мамытов баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттары Аксы окуясында каза болгондорду эскеришти. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондорго арналып тургузулган монументке гүл коюшту.



