Коом

«Садыр Жапаровдун тагдырын бир ок чечет!» — (интернет аркылуу коркуткан жаран кармалды)

Жарандык активист Тилекмат Куренов аттуу жаран баш аламандык чыгарууга чакырык жасап, аракет көргөнү үчүн ИИМ тарабынан убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Анын камакка алынышы боюнча оппозиция үн катып, саясий куугунтук катары сыпаттап жатышат.

Фейсбукта жазылып жаткан талкуулардын биринде,  Билал Сапаралиев аттуу жаран «Садыр Жапаровдун тагдырын 1 ок  чечип коёт, ушундай кете берсе»-деп жазган. Укук коргоо органдары аталган аккаунттун ээсин таап, кармашты. Ал, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын активдүү мүчөсү Бекмурат Ооган уулу деген жарандын «фейк» аккаунту болуп чыккан. 

Интернет колдонуучулар адам өмүрүнө коркунуч келтирген,  өлтүрүүгө үгүт жүргүзгөн чакырык мыйзамга каршы келээрин жана туура эмес экенин жазып, чакырык жазган жаранды жазалоо сунуштарын айтып жатат.

24.kg сайты кармалган жаранга укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кайра коё бергени тууралуу жазып чыкты.

Партия мүчөсүнүн суракка чакырылышы боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясы билдирүү таратты.

Булак: коом.пресс

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button