Окуялар
Муфтияттын бухгалтери үй камагына чыгарылды

Кылмышка шектелип жаткан Мусулмандар дин башкармалыгынын башкы бухгалтери Жеңишбай Бекиевдин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 11-мартта Жеңишбай Бекиевдин баш коргоо чарасын караган Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.
Эске салсак, Мусулмандар дин башкармалыгынын башкы бухгалтери Жеңишбай Бекиев 9-февралда УКМКнын кызматкерлерине 100 миң доллар пара берген деп шектелип кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген болчу.



