Окуялар

Бишкектин четинде 13 жашар баланын сөөгү табылды

Мурас-Ордо жаңы конушунда 13 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге шаардык жана Биринчи май райондук милициясынын жетекчилери менен ыкчам кызматкерлери барган. Өспүрүмдүн сөөгү табылганы тууралуу маалымат саат 12:40та келип түшкөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары ишенимдүү маалымат булактарына таянуу менен бала киши колдуу болгонун жазып жатышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button