Марс Сариев: Жерүйдү иштетүү менен Кыргызстандын бюджетине миллиарддан ашык акча түшөт

Бугүн Талас облусундагы Жерүй Алтын Альянс комбинатынын ачылыш аземи болуп, Россия менен Кыргызстан башчылары биргеликте телекөпүрө аркылуу түз эфирде байланышты.
Жерүй комбинаты тууралуу Abal.kg маалымат агенттиги саясий серепчи Марс Сариевдин пикирин билди.
Сариевдин айтымында Жерүй Алтын Альянс буга чейин эле Талас облусуна 50 млн долларды жергиликтуу элдин социалдык маселесин чечүүгө жумшаган.
-Жерүй Кыргызстандын аймагындагы Евразиялык пилоттук долбоор болуп эсептелет. Бул проблемалуу долбоор. Мындай проблемалуу долбоордо инвесторлор өндүрүлгөн продукцияны бөлүштүрүүгө барат же атайын келишимдерди түзөт. Жерүй ишканасы Кыргызстандын аймагында болгондуктан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийет. Жерүй алтындын запасы боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле экинчи орунда турат. Алтындын запасы болжолу менен 90 тоннаны түзөт. Күмүштүкү болжол менен 25 тонна. Жерүйдүн иштеши Кыргызстандын тоо тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошот. Анткени Жерүй Кыргызстандын жалпы тоо-кен өнөр жайынын 50% түзөт.
Бул ишкана 2040-жылга чейин иштейт. Бул убакта 600 млн доллар салынат. Кыргызстандын бюджетине бир миллиарддан ашык доллар түшөт. Талас аймагын өнүктүрүүгө чоң салымын кошот.
Буга чейин Алтын Альянс тарабынан Талас облусунда “Бакубат талас” фонду түзүлгөн. Бул фонд облустагы социалдык долбоорлорду колдоп келет. Беш жыл ичинде 340 долбоорду каржылады. Алтын Альянс улуттук спорттун түрү болгон “Көк бөрүнү” дайыма колдоп келет. Реабилитациялык борбор болсо аз камсыз болгондорго жардам берүүдө. Беш жылда 50 млн. доллар жумшалды.
Жер үй миңге чукул жумуш ордун түзөт. Ал жакка Кыргызстандын жарандарын алууга басым жасалган. Бул ишкана Талас облусундагы башка мекемелерди да кызматташууга тартат. Натыйжада үч миңге чукул иш орунун түзөт.
КР бюджетине түшүп жаткан салыктар Талас облусунун өнүгүшүнө да түздөн түз салымын кошот. Мисалы, мектептердин ремонту, жаңы мектептерди салуу ж.б.
Жерүйдө 2019-жылдын октябрынан бери 800 миң тонна курамында алтын бар руда казылып алынды. Таза алтынды алуу март айынан башталат. План боюнча жылына беш тоннага чейин алтын өндүрүлөт.
Инвесторлор экологиялык коопсуздукту да катуу сактады. Акыркы үлгүдөгү технологиялар, жабдыктар менен жабдылды. Албетте, бул бир топ чыгымга алып келет. Бирок алар андан качкан жок. Алтынды иштеткенде чыккан калдыктар компаниянын ичинде, б.а. цехтердин ичинде зыянсыздандырылат. Алар калдык сактоочу жайда сакталат. Натыйжада айлана-чөйрөгө зыяны тийбейт.
Бүгүн ишкана ачылардын алдында жергиликтүү эл талап кылып чогулду. Аларга Президент өзү чыгып жолукту. Элдин койгон талаптары алынып салынды. Бул митинг кыргыз-орус кызматташтыгына эч кандай таасирин тийгизбейт,-деди Марс Сариев.



