Окуялар

Өзгөндө кылмышка шектүүлөрдүн кылмыш учурунда кодонгон ок атуучу куралы жана автоунаасы табылды.

2021-жылдын 19-март күнү Өзгөн шаарындагы эки жарандын өлүмү боюнча башталган Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренесинин ( адам өлтүрүү) негизинде ачылган сотко чейини өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Өзгөн шаарында эки жарандын өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан кылмышка шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон автоунаасы жана ок атуучу куралы табылды. Өзгөн районунун Дөӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасынын эгин талаасына кеткен жолдо көк түстөгү “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаа табылып “КRAL ARMS” үлгүсүндөгү Туркия мамлекеттинин өндүрүшүндөгү аӊчылык куралы, эки даана 12 калибирлүү ок дарынын атылган гильзасы, бир даана дүрмөттөлгөн ок алынган.


Ошондой эле буга чейин денесинен жаракат алып каза болгон 31 жаштагы Өзгөн шаарынын тургуну М. Ш. 2020-жылдын февраль айынанан бери карай уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин ыкчам каттосунда тургандыгы белгилүү болду. Кылмыштын бетин ачуу максатынада тергөө иштери жүрүп жатат.

Ош ООИБдин басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button