Коом

Эртең Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келет

Эртең, 19-мартта Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келет. Бул тууралуу » маалымат жыйында Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан дүйнөдөгү 65 пайыз калкты эмдөө менен камсыз кылыш керек деген чакырыкка кошулган.

«Биз калкыбыздын 70 пайызын эмдешибиз керек деп жатабыз. Буга чейин Ковакс программасына киргенбиз. Анын алкагында Кыргызстанга AstraZeneca вакцинанын 1 млн 300 дозасы апрелдин башында келмек. Бирок март айында Данияда аталган вакцина тромбозго алып келген. Мындан улам эмнеге мындай жыйынтыкка алып келгендиги тууралуу чечимди күтүп жатабыз. Ошондой эле Россиянын «Спутник V» вакцинасынын 5 миң дозасын жардам катары берилери айтылган», — дейт ал.

Ишенапысова белгилегендей, кытайлык Sinopharm вакцинанын оң жагы аны +2, +8 градуста сактоого болот.

«Эмдөөнүн биринчи этабында Бишкекте 4, Ош шаарында эки, Кант жана Сокулукта бирден атайын жайлар ачылат. Алгач медкызматкери, мугалимдер, соцкызматкер, ИИМ кызматкери, 65 жаштан жогору, өнөкөт оору менен ооругандар жана башкалар эмделет», — деди Ишенапысова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button