Саясат
Конституция боюнча референдум. БШК “макул” жана “каршы” 5 үгүт тобун каттады

КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 11-апрелге белгиленген Конституциянын долбоору боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүү) “макул” жана “каршы” үгүт тобун каттоо тууралуу 5 өтүнүч келип түштү.
БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 5 үгүт тобу катталды:
- “макул” – 3 үгүт тобу;
- “каршы” – 2 үгүт тобу.



