Аба-ырайы шарттарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу, жол кыймылынын катышуучуларына кайрылуу
Аба ырайынын начарланышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу КР ИИМ ЖКККББнын башкармалык жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери унаа жолдорунда унаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн көзөмөлгө алышууда.
Учурда “Бишкек-Ош” унаа жолунун 219-221 чакырымында кар жаап, шамаал болуп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унаа каражаттары үчүн чектөө киргизилүүдө.
Ошондой эле учурда “Бишкек-Ош” унаа жолунун айрым жерлеринде жана «Өтмөк» ашуусунунда кар жаап жаткандыгы маалым.
Бул жерлерде жол кымылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери көзөмөлгө алып, тиешелүү кызматтарга жолдомо берип, иш алып барууга көмөктөшүүдө. Тоолу аймактарда тийешелүү кызматтар тарабынан атайын техника, жумушчу күч тартылып, инерттик материалдар колдонулууда.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы бөөдө кырсыктардан алыс болуп жана жол кырсыгынан алдын алуу максатында айдоочуларга муктаждыгы жок алыскы жолго чыгууну токтотууну.
— алыскы жолго чыгаарда, унаанын техникалык абалын текшерип, биринчи медициналык жардам көрсөтүүч жабдык, чынжыр, күрөк ж.б.у.с атайын жабдыктарын бар экенин карап.
— Аба-ырайынына көңүл буруп.
— Тоолуу жолду, ашууларды ашууда унаа ортосунда 500 метр аралыкты жана жол кыймылынын баардык эрежелерин сактоону сунуштайт;



