Окуялар

Ишкерлерди алдап жүргөн жаран кармалды (ФОТО)

Бишкек шаарындагы ички иштер органдарынын тергөө кызматынын өндүрүшүндө алдоо жолу менен ири өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши бар. Болжолдуу иликтөөнүн жүрүшүндө укукка каршы аракет жасалганы аныкталган.

Укук коргоо органдарына арыз менен кырк алты жаштагы жаран кайрылып, анда 2019-жылы Бишкек шаарында  чала тааныш адам ишенимге кирип, алдамчылык аракети менен олуттуу өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алгандыгын билдирип, ага карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Кылмышкер жабырлануучуга экскаваторду сатып алууну сунуштап, алдын ала төлөм катары 10 000 АКШ долларын алган.

Андан соң жабырлануучу алданып калганын билбей, көп убакыт күткөн. Кийинчерээк  жабырлануучу кылмышкердин ким экендигин билгенден кийин, укук коргоо органдарына кайрылууну чечкен.

Ыкчам-тергөө иш-чараларына ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тартылып, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар жарандын өздүгүн такташкан. Шектүү Нарын облусунун Жумгал районунун 1986-жылы туулган С.М. экендиги аныкталды. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Жакында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жаран С.М. кармашып, тергөө органына өткөрүп беришти.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button