Окуялар

Арак ичип отуруп таанышын бычактап салган 40 жаштагы аял кармалды

Москва районунда өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелип аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-март күнү саат 16:30 чамасында Москва районунун Ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгышып, айтылган үйдөн 1969-жылы туулган Т.М. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган (бычактан жаракат алган).

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130- (Адам өлтүрүү) беренеси боюнча КЖБР катталган.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция
кызматынын кызматкерлери жана Москва районунун ИИБнүн Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка шектүү деп кармалган адам,
өлтүрүлгөн адам экөөнүн ортосундагы мас абалда чыр-чатактан келип чыкканы маалым болгон.
Учурда шектүү Москва районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button