Өзүңө сак бол, акчага бек бол! Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтүп жатат
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы башталды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
22-28-март күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында «Өзүңө сак бол, акчага бек бол!» урааны алдында финансылык сабаттуулукка байланыштуу ар кандай иш-чаралар өтөт.
«Өлкөдө бардык жарандарга финансылык билим алууга мүмкүндүк берүү, жаштарды акчаны туура жана сарамжал колдонуу маданиятына үйрөтүү максатында Дүйнөлүк акча жумалыгын 2015-жылдан тартып өткөрүп келебиз. Бир апта ичинде Улуттук банк мамлекеттик органдар жана башка финансылык уюмдар менен биргеликте мектептер менен университеттерде финансылык сабаттуулук боюнча көптөгөн иш-чараларды өткөрөт», — деп айтылат билдирүүдө.
Дүйнөлүк акча жумалыгы (Global Money Week) — бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн 175тен ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү ири кампания.



