Коом
ВИДЕО: Өзбекстанда жарым жылаңач кыздар сүмөлөк бышырган окуя иликтөөгө алынды

21-мартта социалдык тармактарда жарым жылаңач болуп алып сүмөлөк бышырып жаткан кыздардын видеосу тараган болчу. Кийин анын Өзбекстандын Үргөнч шаарындагы “Сахара” түнкү клубунда иштеген кыздар экендиги аныкталган.
Бул социалдык тармактарда кызуу талкууга алынгандан кийин, окуя боюнча Үргөнчтүн милициясы иликтөө иштерин баштады.
Милиция иликтөө бүткөндөн кийин кошумча маалымат бермекчи.



