Коом
Сүлүктүдөгү шахтада газ чыкты

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтада газ чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ 23-март күнү саат 10:00до ЖЧК “Ак-Тилек” шахтасында болгон.
«Жабыркагандар жок. Жерине ӨКМдин өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен», — деп билдиришти ӨКМдин маалымат кызматы.



