Коом
Кыргызстанда бир жылда 700 миң адам өтө жакырчылыкка жеткен, — Бүткүл дүйнөлүк банк

Бүткүл дүйнөлүк банк жарыялаган материалга таянсак, COVID-19 кризиси калктын кирешесине чоң таасир берди. Инфляциядан улам сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү азайып, аярлуу катмардагы элге экономикалык кесепеттерин көрсөтүүдө.
Материалдагы расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2020-жылдагы жакырчылыктын деңгээли 2019-жылга салыштырмалуу 11 пайызга жогорулады.
Өтө жакырчылыкка 700 000 адам туш болуп, бул көрсөткүч 6,6 млн калкы бар Кыргызстан үчүн чоң сан деп эсептелген.



