Коом

Кыргызстанга Россиянын «Спутник V» вакцинасы май-июнь айларында келет

Кыргызстанга россиялык «Спутник V» вакцинасы май-июнь айларында алып келинет. Бул туурасында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, мурда макулдашылгандай эле препаратты 500 миң доза өлчөмүндө алуу күтүлүүдө.

«Алгач мен Россиянын саламаттык сактоо министри менен жолукканда, кийин биздин президентибиз Владимир Владимирович менен жолукканда «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасы келе турган болгон», — деди Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга буга чейин 150 миң доза да Кытайдын Sinopharm вакцинасы алып келинген. Аны менен бүгүн биринчи болуп министр өзү жана орун басарлары эмдөөдөн өттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button