Коом

Бишкекте 4-чейректе мектепке кайсы класстын окуучулары барары белгилүү болду

1-апрелде мектептерде 4-чейрек башталат, тиелекке каршы Бишкекте башталгыч класстын окуучулары жана 5, 9, 11-класстардын окуучулары гана салттуу режимде окуусун улантышат. Бул тууралуу брифингде Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева билдирди.

“Өз кезегинде 6, 7, 8 жана 10-класстын окуучулары онлайн-режиминде окушат”,-деди ал.

Мындан тышкары, билим берүү башкармалыгынын башчысы балдар бакчаларына дагы даярдоо жана жогорку топтогу балдар жана ата-энесинин биринин тарбиялануусундагы балдар кабыл алынат. Топтордо мурдагыдай эле 10 баладан ашык болбошу керек.

Белгиленгендей, салттуу режимде окутуу башталгандан бери 18-январдан 9-мартка чейин Бишкекте COVID-19 18 мектепте, ошондой эле 14 мугалимде жана 13 балада катталды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда COVID-19дун жайылышына байланыштуу мектептер 2020-жылдын март айында жабылып, аралыктан окутуу жургүзүлгөн.

Ушундай форматта ал жаңы 2020-2021-жаңы окуу жылына чейин уланган.

Азыркы учурда Бишкекте башталгыч класстардын окуучулары жана 5, 9, 11-класстардын окуучулары салттуу режимде окуп жатышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button