Коом

Жогорку соттун төрайымы кызматтан бошотулду

Президент Садыр Жапаровдун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотуу тууралуу сунушун бүгүн 31-мартта парламентке президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов жеткирген. Сунушту 61 депутат колдоп берди, 4 депутат каршы болду.

Соттор кеңешинин Тартип комиссиясыны 4-мартта Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Гүлбара Калиеваны «Жергиликтүү сот» долбоору боюнча коррупциялык ишке шектүү катары жоопко тартууга уруксат сурап, Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган.

Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе ал камакка алынарын айткан болчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button