Окуялар
ВИДЕО: Чоң жолдо ээнбаштык кылып, унаасын ойнотуп айдаган айдоочулардын бири кармалды

Чоң жолдо авто ээнбаштык кылган авто унаалардын видеосу социалдык сайттарда тараган. Бул боюнча Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында азырынча бир унаасы кармалган. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүү учурунда айдоочунун тийиштүү документтери жок болгондуктан, кошумча протокол толтуруу менен ( авто ээнбаштык жана айдоочулук күбөлүгү жок айдоо) авто унаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулду.
Милициянын кайгуул кызматкерлери айдоочуларга жол эрежесин так сактоого чакырат.



