Окуялар

Айзада Канатбекованы уурдаганга шектелгендердин баары кармалды (ФОТО)

Айзада Канатбекованы уурдаганга шектелген дагы 2 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн бири 1995-жылы туулган Т.К. Бишкектен, ал эми 1991-жылы туулган Н.О. Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалды.

Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Улан Жумаков аталган окуяга тиешеси бар делип изделип жаткан башка шектүүлөр жок экенин билдирди.

Эскерте кетсек,5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button