ИИМ ИИК: Милициянын кадыр-баркына көө жапкан паракорлор кармалууда (ФОТО)

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.
Жакында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына Ш.Х. аттуу жаран кайрылып, арыздануучунун тууганына карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 5000 АКШ долларын талап кылып жаткан ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) кызматкерлерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Бул факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Опузалап пара талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, төмөнкүлөр аныкталган. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) ыкчам ыйгарымдуу өкүлү милициянын капитаны А.А., ИИМдин БМЖКККнын Ыкчам мобилдик бөлүмдөрдүн башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарымдуу өкүлү милициянын подполковниги А.Н. жана жаран Т.Б. арыздануучудан кылмыш ишин токтотуп, тергөө абагындагы арыздануучунун тууганын бошотуп берүү үчүн пара катары 8000 АКШ долларын талап кылышкан.

2021-жылдын 19-апрель күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзө башташкан. 3800 АКШ долларын жана 340 000 сом акча каражатын алуу учурунда ИИМдин БМЖКККнын Ыкчам мобилдик бөлүмдөрдүн башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарымдуу өкүлү милициянын подполковниги А.Н. жана жаран Т.Б. кармалган. Ош облусунун аймагында мындан аркы атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) ыкчам ыйгарымдуу өкүлү милициянын капитаны А.А. кармалды.
Кармалгандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Ички иштер министрлиги жогорудагыдай кызматкерлерди аныктоо боюнча чараларды көрүп, коррупцияга аралашкан кызматкерлерди тактоо боюнча иштерин улантат. Азыркы учурда ИИОнун кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча ыкчам иликтөө жана башка иш-чараларды улантууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы