Сиздер менен сыймыктанабыз. УКМКнын төрагасы Ташиев чек арачыларды куттуктады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 28-майда, чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады.

Төмөндө УКМК башчысынын куттуктоо тексти:

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Чек ара күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик чек араны кайтаруу – бул өтө жооптуу жана биздин мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун жана терроризмге, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, аткезчиликке жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүү, укук коргоо органдарынын ишин координациялоону талап кылат.

Ал эми биздин мекендештерибиздин коопсуздугу сиздердин милдетиңиздерди так аткарууга болгон абийирдүүлүгүңүздөргө көз каранды.

Акыркы окуялардагы чек арачылардын аскер кызматкерлери жана Чек ара кызматынын атайын бөлүгүнүн жоокерлери өлкөнүн түштүгүндөгү чек ара аймагындагы чыр-чатак учурундагы сыноодон сапаттуу өтүшү Сиздердин эрдигиңиздин бири катары айтсак болот.

Сиздердин иш аракеттериңиздин аркасында биздин өлкөнүн эли өз үйлөрүндө тынч уктай алышат.

Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана Кыргыз Республикасы үчүн жанын берген адамдардын элесине башыбызды ийип таазим кылабыз.

Сиздерге бекем ден соолук, ийгилик жана кызматта жетишкендиктерди каалайм!