Ысык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо шарты текшерилүүдө

Жайкы мезгилде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан “Укуктук тартип” профилактикалык иш-чарасы киргизилип, анын алкагында мигрант балдардын жашоо шарттары текшерилүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө облустун жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен бирдикте мигранттардын балдарынын жашоо шарттары менен жакындан таанышышып, ошондой эле маалымат базасын толуктоо максатында, аймакта бул багытта мониторинг иштерин дагы жүргүзүүдө.
Ысык-Көл ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Мирбек Табалдиевдин айтымында, мындай иш-чаралар өз маалы менен үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. Алып айтсак, үстүбүздөгү жылдын 5 айында облустун аймагында мигранттардын балдары жашаган 13 миӊден ашык үйлөр текшерилип чыккан. Ушундай иш-чаранын жүрүшүндө 7668 мигранттардын балдары аныкталган, анын ичинен 2890 ички жана 4778 тышкы мигранттардын балдары болуп эсептелинет. КМШ мамлекеттерине жана алыскы өлкөлөргө чыгып кеткен ата-энелердин саны 3876 адамды түзгөн.
«Мурда такталган тизмелердин негизинде, иш-чаранын учурунда биздин жана социалдык кызматкерлер мигранттардын балдары жашаган үйлөр кылдаттык менен текшерилүүдө. Алардын жашоо шарттарын текшерип, жайкы каникул учурунда балдар кайсыл жерлерде болорун тактап жатабыз. Алыскы туугандарына жана тааныштарына калтырып кеткен балдар да жок эмес. Мындай үй-бүлөлөр менен мыйзамдын негизинде камкорчулукту толтуруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз»,-деп белгиледи ал.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы