Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды

Бүгүн, 23-июлда президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды.

Ал “Бишкек парк” соода борборунун 3-кабатында жайгашкан эмдөө бөлүмүнө келип, Синофарм вакцинасы менен эмдөөдөн өттү.