Саясат

Садыр Жапаров мас айдоочуларды аныктоо чараларын күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров ИИМге мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, акыркы күндөрү Ысык-Көл менен Чүйдө болгон жол кырсыктарынан 11 киши каза тапты. Иликтөө учурунда айдоочулар мас абалында экени аныкталган.

Жапаровдун тапшырмасы мас абалындагы айдоочулардын күнөөсүнөн боло турган жол кырсыктарын алдын алуу, алкоголдук ичимдик ичип же баңгизат колдонуп мас абалында жүргөн айдоочулардын транспорт каражаттарын башкаруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында зарыл экени айтылат.

Мамлекет башчысы мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо жана Ысык-Көл облусунун аймагында, ошондой эле аталган облуска бараткан же келе жаткан жолдо алдын алуу иш-чараларын күчөтүү үчүн кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button