31-августта “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүү максатында Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн манас айтууга киришкен манасчы Дөөлөт Сыдыков бүгүн улуу баянды айтууну жыйынтыктады.
Учурда манас айтууну жыйынтыктоо иш-чарасы Орусиядагы Кыргыз элчилигинде салтанаттуу түрдө өтүп жатат. Анда Дөөлөт Сыдыковду колдоп келгендер, ошондой эле уюштуруучулар тобу каалоо-тилектерин айтышууда.
Мындан тышкары “Улутум кыргыз! Урааным Манас” деген ураандар жаңырууда.
Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков 5 күн, 5 түн манас айтууну 31-август күнү баштаган. Мындан бир күн мурун Дөөлөт Сыдыковдун манас айтып жатканына 100 сааттан ашканы маалымдалган.