Спорт

КМШ оюндары: Күрөш боюнча курама команда дагы 5 медаль жеңди

Күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында дагы 5 медаль жеңди.

125 килограмм салмак категорияда Арсланбек Турдубеков күмүш медаль тагынса, Нурканат Кайыпбердиев (65 кг), Бекмамат Бейшенов (70кг), Бакберди Мирсланбеков (85 кг) жана Баяман Мыктыбеков (100 кг) коло байгенин ээси болушту.

Аталган спорттун түрү боюнча жалпы медалдардын саны боюнча Кыргыз өлкөсү 3-орунда. Тизменин сап башында Орусия жайгашса, экинчи орунда Өзбекстан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button