“Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган”. ИИМ бир нече тергөө амалдарды жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө  КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн  кылмыштын курамы боюнча  материал  иликтенип жатат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык –процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык бул кылмышты жасоого шектүү катары К.А. кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына  киргизилген. 

2021-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик  кодексинин 98-беренесине ылайык жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары А.С. дагы кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда   күбө катары бир нече Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматчылар суракка алынган.

Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.