Жыл сайын чечилбей келет. Бишкек мэриясында абанын булганышына каршы күрөшүү чаралары талкууланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Дүйнөлүк банктын практика лидери Судешна Банерджи баштаган энергетика боюнча адистер тобу менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жаңы технологияларды жана альтернативдүү отундарды колдонуу аркылуу борбор калаадагы абанын булганышын азайтуу боюнча комплекстүү чаралардын маселелери талкууланды.

“Муниципалитеттин башчысы бул маселелердин актуалдуулугун белгилеп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча практикалык чечимдерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Бишкек шаарынын энергетикалык коопсуздугун бекемдөө үчүн инвестициялык планды жана жол картасын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунушташты.

Тараптар муниципалитеттин адистештирилген ишканалары жана структуралык бөлүмдөрү менен кошумча олуттуу талкууларды өткөрүүнү макулдашты”, – деп жазылган маалыматта.