Бүгүн Мээрим Жуманазарова кореялык спортчуга каршы килем үстүнө чыгат

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында килем үстүнө чыгат. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Жуманазарова өзүнүн салмагында (68 кг) мелдештин тандоо турунан баштап катышат. Ал алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасынды) алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан жалпы 15 балбан аттанган.