АКШда жүк ташыган айдоочуну полиция атып салды. Маркум КР жараны болушу мүмкүн

Пенсильвания штатынын округдарынын биринде полициянын машинасын койдуруп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусун тартип сакчылар атып салды. Бул тууралуу жергиликтүү WNEP-TV телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя Клинтон округунда болгон. Саат 04:30дар чамасында Жерси-Шор менен Майл-Ран аймактарына жакын жайгашкан жүк ташуучу автоунааларды токтотуучу жайга наряд чакыртылып, тоноо болгону кабарланган

Тартип сакчылары жерине келгенде оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу транспортун тыныкчу аялдамага токтотуп, өзү анын ичине бекинип алганын байкашкан. Полиция өкүлдөрү машинаны курчоого алып, шектүүнү мажбурлап сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу жүк ташуучу автосу менен полициянын эки машинасын койдуруп кеткен. Мындан улам тартип сакчылар ага карай ок чыгарган.

Телеканалдын маалыматына караганда, оор жаракат алган айдоочу ошол жерден эле жан берген. Бир нече офицер жеңил жаракат алган.

“Мен өзүмдүн жүк ташуучу унаамдын ичинде уктап жаткам. Катуу үндөрдөн улам ойгондум. Кабинадан башымды чыгарып карасам полиция кызматкерлери айдоочуну көздөй ок чыгарып жатыптыр”, — деп окуяга күбө болгон Жул Такер телеканалга билдирген.

Ал эми кыргызстандык соцтармактарда каза болгон киши Кыргызстандын жараны экени айтылууда. Ал трак-компаниядагы ишинен айдалгандан кийин үч миң доллар айлыгын ала албаганына ызаланып жүк ташуучу унааны айдап кеткени, кийин полициянын автосун какканы боюнча маалыматтар тарап жатат.
Соцтармакка жеринен тартылган видео дагы тарады. Кадрга аткылоо учуру дагы түшүп калган. Бул роликти “Короче” Telegram каналы дагы жарыялады.