Жыл башынан бери Бишкекте жол кырсыгынан 45 адам көз жумган

Жыл башынан тартып Бишкек шаарынын аймагында 1 миң 932 жол кырсыгы катталган. Андан 2 миң 470 жаран ар кандай жаракаттарды алса, 45 киши мерт кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, катталган жол кырсыктарынын келип чыгуу себептеринин 80-90 пайызы айдоочулардын өздөрүнүн жол эрежелерин толук кандуу сактабагандыгы болууда.

“Алсак, атайын сурамжылоонун натыйжасында көпчүлүк айдоочулар жол белгилери мындай турсун, жөнөкөй айдоочулук күбөлүгүн кайсыл жылдары алгандыгын, окуган автомектебинин аталышын, жада калса кайсы мугалим окуткандыгын да билбеген жаш айдоочулар болууда. Бул дегени ал айдоочу айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окууда толук кандуу сабактарга катышкан эмес, теориялык жана практикалык окууларды жетишээрлик деңгээлде көргөн эместигин далилдеп турат. Ошол себептүү да айдоочулар толук кандуу жол эрежелерин билбегендиктен же айдоо учурунда телефон, музыка өңдүү ар нерсеге алаксып, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичип алып айдагандыктан жол транспорт кырсыктары келип чыгууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жол кырсыктарынын алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жол кырсыктарынын келип чыгуу себептерин талдоо менен айдоочуларга карата ар кандай рейддик иш-чараларды, үгүт-насаат иштерин жана өспүрүмдөргө арналган акцияларды өткөрүп келет.

Кайгуул кызматы жол кыймылынын камсыздоо кызматкерлери канчалык профилактикалык иш-чараларды жүргүзбөсүн, баардыгы айдоочунун өзүнүн жоопкерчилигинде экендигин эскертет.

“Урматтуу айдоочулар. “Шашкан шайтандын кана иши” өзүңөрдүн жана жакындарыңардын коопсуздугу үчүн жол эрежелерин так сактаңыздар. Жол кырсыгынан канчалаган адамдар жаракат алып, канчалаган өмүрлөр кыйылып жаткандыгын унутпаңыздар”, -деп, Кайгуул кызматы жалпы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.