Коом

Балбан кыздардын аты коюлган үч эм. Айсулуу Тыныбекова төрөт үйүнө барды.

Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова балбан кыздардын ысымы ыйгарылган үч эмди төрөт үйүнөн чыгарууга барды.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, балбан ымыркайлардын бирин көтөрүп, алардын апасына белек берген.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты болуп жаткан маалда, 5-октябрда, Бишкекте үч эм төрөлүп, ымыркайлардын ата-энеси аларга Айсулуу, Айпери, Ай-Мээрим деген ысымдарды ыйгарышкан.

Эске салсак, Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, ал эми Айпери Медет кызы коло медаль тагынып келди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button