Бишкектин мектептери онлайт форматына окутууга өттүбү? Вице-мэрдин жообу

Соцтармактарда шайлоо комиссиялары парламенттик шайлоого даярданып жаткандыктан мектептер онлайн окутуу форматына өтүп жатканы боюнча маалымат тарады.

Белгилүү болгондой, көпчүлүк участкалык шайлоо комиссиялары орто мектептердин аймагында жайгашкан. Бирок Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева борбор калаанын мектептери онлайн окутууга өтөт деген маалыматты четке какты.

“Бул туура эмес маалымат. Мектеп окуучулары 29-ноябрда гана аралыктан окуйт. Анткени шайлоонун эртеси дарыгердин сунуштамасы боюнча имаратка дезинфекция жасалышы керек. Калган күндөрү кадимки тартипте, мектептен билим бериле баштайт. Себеби сасык тумоо жана коронавирус боюнча абал туруктуу”, — деди вице-мэр.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо ушул жекшемби күнү, 28-ноябрда, өтөт.