Саясат

БШКнын ишине эч ким кийлигишкен жок. Садыр Жапаров добуштар уурдалды деп ызы-чуу салгандарга кайрылды

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгына нараазы болуп, добуштар уурдалда деп ызы-чуу салган партиянын өкүлдөрүнө өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган.

Андан мындай деп айтылат:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде «сбой» болду, добуштарды уурдады деп ызы-чуу салып жаткан партияларга айтаарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жака жылбаш керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын баардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула».

Эскерте кетсек, 28-ноябрда, өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420, ал эми бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292 түзөт.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button