Бардыгын кечире берүү туура эмес. Академик узак жашоонун сырын айтты

Адам жүз жашка чейин жашоо үчүн кайсы эрежелерди сакташы керектигин РИА Новостиге Россиянын Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча улуттук медициналык илимий борборунун президенти, Россия илимдер академиясынын академиги Лео Бокерия айтып берди.

“Биринчи кезекте кыймылдоо керек, анткени кыймылдын өзү — жашоо. Экинчиден, менимче, жашоону жакшы көз карашта кароо керек. Мен бардыгын кечире бергиле дегенден алысмын, болгону керексиз адамдардан алыс болгон оң. Анан, эң негизгиси, жашоодо максат болушу керек, ал, мисалы, сен алектенген сүйүктүү иш”, — деген Бокерия.

Академик дени сак жашоо образын жүргүзүп, туура тамактанып жана алкоголдон баш тартуу керектигин белгиледи.

Дарыгер түшүндүргөндөй, аз өлчөмдөгү спирт ичимдиги да ашказандын былжыр челин жабыркатат, анын кесепети нерв системаларына таасир этет.