“Тазалык” Кыргызстанда кураштырылган автоунаа сатып алат

Бишкек мэриясы “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо жана ишин жеңилдетүү үчүн электр кубаттагыч менен жүрө турган автоунаа сатып алмак болду.

Эксперимент катары “KAMI” электр жүк ташуучу унаанын бирөө бекер берилет. Бул электр унаасы Бишкекте кураштырылат деди мэрия. Сыноодон өткөрүп, эгер натыйжалуу болсо, мындай унааларды массалык түрдө сатып алууну караштырып жатат.

2021-жылдын  декабрь айынан бери Бишкекте “Тазалыктын” үч жумушчусу көчө тазалап жаткан учурда машина коюп кетип каза болгон. Бул окуялар коомчулукта кызуу талкуу жаратып, ишканага атайын техника сатып алуу жана элден акча чогултуу демилгеси көтөрүлгөн. Шаар жетекчилиги мунун үстүнөн иштеп жатканын билдирди.