Быйыл Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1,8 миң квота бөлдү

2022-жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлдү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, 2007-жылдан бери Түштүк Корея менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыргызстандыктар жумуш менен камсыз болууда.

“Келишимге ылайык, жарандар 4 жыл 10 ай Кореяга барып иштеп келет. 15 жыл аралыгында 5 миңден ашуун кыргызстандык Кореяга барып келди. Жумушка орноштуруу программасы азыр дагы уланууда”, – дейт ал.

Акматбеков быйыл Түштүк Корея жумушчулар үчүн квотанын санын көбөйткөнүн маалымдады.

“Буга чейин 1 миң адамга берилип келсе, 2022-жылы 1 миң 800 адамды жумушка алууга макулдук берди”, – деди аталган борбордун директору.