Маданият
Бүгүн Бишкекте “Эргүү” улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт
Бүгүн, 13-майда “Эргүү” улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чара саат 18:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз Улуттук академиялык драма театрында башталат.
Белгилей кетсек, “Эргүү” сыйлыгы 2014-жылдан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана «Айтыш» коомдук фонду биргеликте тапшырып келет.