Саясат

Амангелдиев түркиялык кесиптеши менен Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун түзүү маселесин талкуулады

11-майда КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин отуз биринчи жылдык жыйынына катышуунун алкагында Түркиянын казына жана каржы министри Нуреддин Небати менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө КР Экономика жана коммерция министрлиги Түркия Республикасы менен соода, инвестиция, ишкердик жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө өзгөчө маани берери айтылды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын, аларды кеңейтүү жана активдештирүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүн талкуулашты.

Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы ишенимди чыңдоого, КР экономикасынын бүтүндөй тармактарын өнүктүрүүгө жана жаңы технологияларды киргизүү үчүн экономикалык инструменттерди түзүүгө жардам бере турган Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун түзүү маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-түрк мамилелери келечекте прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгүүгө ээ болоруна ишеним билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button