2022-жылдан тарта жер жүзүндө 5 жыл бою болуп көрбөгөндөй ысык башталат

2022-жылдан тарта Жер бетинде беш жылдык рекорддук ысык башталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун жана Улуу Британиянын Metoffice мекемесинин отчётунда айтылат.

Алардын божомолуна ылайык, 2022-жылдан 2026-жылга чейин метеорологиялык байкоолор башталгандан берки эң ысык учур болот. Мындан улам абанын табы жер бетинде дагы 1,5 градуска көтөрүлүшү мүмкүн.

“1,5 градус кокусунан чыга калган сан эмес. Мындай болгондо климаттын кесепети адамдарга гана эмес, планета үчүн дагы ири зыян алып келет”, — деди Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун башкы катчысы Петтери Таалас.

Глобалдык температуранын жогорулап бара жатканын соңку дүйнөлүк жаңылыктардан эле байкоого болот. Мисалы, акыркы бир нече ай ичинде Индия менен Пакистандын айрым жерлерин ысык толкун каптап, Ирак бийлиги мээ кайнаткан ысыктан улам жарандарын үйдөн чыкпоого чакырууда. Ал эми Чыгыш Антарктидада Нью-Йорктун көлөмүндөй болгон муз ысыктан улам сынып кетти.