Спорт

ИИМ: “Биз дени сак Кыргызстан үчүн” деген ураан менен спартакиада өттү

ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери «Биз дени сак Кыргызстан үчүн» деген ураан менен жазгы мектеп спартакиадасын өткөрүштү.

Бул спорттук оюндар туруктуулукту, кайраттуулукту чыңдоого, жигердүү жана сергек жашоого болгон кызыгууну өнүктүрүүгө жардам берет!

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын Мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти менен биргеликте окуучулар арасында турнир өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты мектеп окуучуларын спортко, сергек жашоого үндөө жана жаман адаттардан баш тартуу!

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкери Таалай Суваналиев балдардын укмуштуудай оюну үчүн ыраазычылык билдирип, өмүр бою жашоонун тандоодо туура токтоп, бардык чөйрөгө терс таасирин тийгизген ар кандай зыяндуу заттарды колдонуудан алыс болууну каалады.

Байгелүү орундарга ээ болгон бардык катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан эстелик белектер тапшырылды,- деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button